www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 13-июлда кодекстерге алымча-кошумча киргизүү тууралуу парламенттик угуу өткөрдү. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев эксперттик топ колдонуудагы кодекстерди талдап, өзгөртүү киргизүү сунушун бергенин билдирди.

«Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоорунда 47 берене жаңы иштелип чыгып, 34 берене толугу менен алынып салынды. Ал эми 362-беренеге толуктоо, өзгөртүү киргизилди. Кыскасы, жаңы иштелип чыккан Кылмыш-жаза кодекси 416 беренеден турат. Мындан сырткары, Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндөгү кодекс даярдалды, бирок анын аталышына байланыштуу толук чечимге келе элекпиз. Ушул кодекске Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 85% кирди», - деди Зулушев.

Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майда коомдук талкууга коюлган. Документтерди президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан.

2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат.

Айрым юристтер, укук коргоочулар жаңы кодекстерде жазаларды гумандаштыруу азайганын сындап, мурдагы катаал калыбына кайтарын эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости