www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү аял киши кармалганын бүгүн, 13-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук айылындагы турак үйдөн бычактан жаракат алган эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Айтылган дарекке барган Сокулук РИИБдин кызматкерлери 1989-жылы туулган К.Д. аттуу жарандын денесин тапкан.

Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) менен козголгон иштин алкагында бул кылмышка шектелип 1979-жылы туулган К.М. кармалды. Ал — маркумдун жубайы.

Тергөөдөгү алгачкы маалыматтар боюнча, жубайлардын ортосунда уруш чыгып, андан улам жубайы күйөөсүнө бычак шилтеген.

Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости