www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр Кытайдын башында ШОСтош, достош Си Цзинпинь турат. Кокус мамлекет башчысы алмашып, бизге душман адам келип калса кандай болот. Булардын Манасы Бээжинге кирип барганын көрсөтөлү дешпейби? Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүн 2035-жылга чейин модернизациялап, замандын талабына жооп бере турган күчкө айландырууну көздөөдө. Кытай аскерлеринин саны 2 миллионго жетет.Кытай Элдик-боштондук армиясын дүйнөдөгү алдыңкы армияга айландыруу зарыл. Бул тууралуу төрага Си Цзиньпин билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү куралдуу күчтөрдү, коргонуу тармагын модернизациялоону тездетүү керек. «Күчтүү өлкө күчтүү аскерлерге ээ болушу керек. Күчтүү армия гана улуттук коопсуздукту камсыз кыла алат», — деди ал.
Кытайга толук карыздарды төлөө 2029-жылдан башталат. Андан кийин Тажикстандын кейпин кийип, Кытай Армиясына аскер базасын ачып бербесек болду. Мындай көрүнүш Тажикстанда болду. Кытай Тажикстанды келечекте аскердик базаларын жайгаштыра турган өлкөлөрдүн бири катары караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин Конгресс мүчөлөрү үчүн даярдаган ар жылкы баяндамасында жазылган. Алар Кытайга Жогорку Кумарга алтын кенин «Дүйшөмбү-2» ТЭЦинин курулушу үчүн өткөрүп берген. Бул ТЭЦти курууга Кытай 330 млн доллар бөлүп берген. Согду облусундагы кенди ТЭЦти курган ТВЕА компаниясы иштетип, курулушка салынган бардык каражаттарды жапканча тажик кенинен алтын өндүрөт. Кытай империясы каякка талпынат? Азыркы чакта Кытай ѳз аймагын ʏчтѳн бир эсеге арттырып, 3 млн.кв.км Тʏштʏк-Кытай деӊизин ѳзʏнѳ кошуп алды. Хунань провинциясынын басмаканасы Кытайдын жаӊы ʏлгʏдѳгʏ картасын чийип чыгышты. Бул картада Кытай ушул кʏнʏ талашып жаткан Тʏштʏк-Кытай деӊизи кичирейтилген масштабда жашырылбай, ачык кѳрсѳтʏлгѳн. Бул картада 3 млн кв.км аянты бар Тʏштʏк-Кытай деӊизи Кытайдын негизги аймагы катары белгиленген. Кызыгы, эми Кытайдын жалпы аймагы ʏчтѳн бир эсеге кѳбѳйʏп турат. Албетте, бул кургакчылыкта жана деӊиздеги жаӊы Улуу Империя! Кытай байыркы кыялдары ишке ашышы ʏчʏн, илгерки картадагы чийилгендер эми чындык болуш ʏчʏн бардык колунан келгендерин жасап жатат.
2020-жылы Washington Post гезити жергиликтүү тургундар менен спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун аскер базасы бар экенин жазып чыккан.
XIX кылымда бул райондо Орус империясынын чек ара бекети жайгашып турган. Жергиликтүү тургундар америкалык журналисттерге азыр ал жерде бир нече миң кытай аскерлери бар экенин айтышкан. Тажикстандагы базалардын спутниктен тартылган сүрөттөрүндө анын эки блоктон жана бир нече траншеядан турары көрүнүп турат. Курулуш Ооганстан менен чек арадан алыс эмес жерде жайгашкан, ал Ооганстандан Тажикстанга келе турган негизги жолду көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Washington Post басылмасынын журналисттери Мургабдын базарында аскердик кийим менен жүргөн кытайлык жоокерлерди да сүрөткө тартып алышкан.
Бирок Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун төрагасы Ёдгор Файзов аймакта Кытайдын жашыруун аскердик базасы жайгашканын четке кагып, Кытайдын өз аймагында чек ара бекети бар экенин билдирген. Ооганстандын Тажикстан, Кытай жана Пакистан менен чектешкен тоолуу Вахан коридорунда 2012-жылдан бери Кытайдын Элдик куралдуу полициясы иш алып барууда. 2018-жылы жайында Кытай терроризмге каршы күрөшүү боюнча Кабул менен түзүлгөн келишимдин алкагында Ооганстандын Пакистан, Тажикстан жана Кытай менен чектешкен Бадахшан аймагына алгачкы аскердик-машыгуу базасын кура баштаган. Бул тууралуу South China Morning Post гезити өз булактарына шилтеме кылып жазган.
Басылма макаласында бул Кытайдын Ооганстан аймагындагы алгачкы стационардык аскердик базасы болоорун белгилеген. Кытай чет мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда аскер базаларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Учурда Кытайдын Элдик - Боштондук армиясынын (НОАК) базалары Тажикстанда пайда болушу күтүлөт.Бул тууралуу Пентагон докладында жазып чыкты. АКШтын Конгрессине багытталган бул докладда Кытай Мьянмага, Таиландга, Сингапурга, Индонезияга, Пакистанга, Шри-Ланкага, Бириккен Араб Эмиратына, Кенияга, Сейшелге, Танзанияга, Анголага жана Борбор Азиядан Тажикстанга аскер-логистикалык базасын орноштурууну көздөөдө.
Акыркы мезгилдерде Кытай катуу өнүгүп чет мамлекеттерге 100 миллиардаган насыяларды бере баштаганы белгилүү. Кытайдан чоң суммадагы карыз алган мамлекеттердин саны 100 мамлекетке жетти. Кытайдын экономикасын иликтегендер Кытай ачык да жана мамлекеттик сыр бойдон катылуу жабык да дүкүлдөтүп карыздарды туш тарапка чачып жатат. Ушул карыздардын баарын эсептегенде Кытайга болгон карыздар триллион долларга жетиптир дешет. Кытайдын тышкы карыз саясатында катылбаган сыр болбогондо, бул көрсөткүч даана билинип турмак. Мисалгы алсак, Түркмөнстандын Кытайдан алган насыясы белгисиз болуп турат, болжол менен 6-7 миллиард доллар болушу мүмкүн.
Кытай Шри-Ланканын жаңы салынган портун өздөрүнө ылайык шарт менен 99 жылга ижарага алып койгон. Кытай 2000-2009-жылдары 35 африкалык өлкөнүн жалпы саны 2 млрд. 850 млн. доллар карызын кечкен. Жөн эле кечпесе керек. Кытай ал эмес Орусия сыяктуу мамлекеттин насыясын үчтөн бир бөлүгүн кечти. Бирок, кандай шартта кечкени купуя бойдон. Орусиянын жалпы тышкы карызы 500 млрд. долларды чапчыйт. Мунун ичинен АКШга 22 млрд. доллар болсо, Кытайга 800 млн. доллар. Путин келгени карыздар азаюу үстүндө.
СССРден калган мамлекеттерден Кытайдан карызды көп алган мамлекеттер Белорус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Белорустун Кытайга болгон карызы өз өлкөсүнүн ИДПсынын 31 пайызын түзсө, Тажикстандыкы 15 пайызын түзөт. Кытайга эң көп карыз болгондор Тонга, Лаос, Жибути, Монголия, Мальдив аралдары, Пакистан, Черногория жана Конго республикасы. Андан кийинки Кыргызстандын көп карызы Японияга тиешелүү, бул жакка 237 млн. доллар, Германияга 83 млн. доллар карызпыз.
Кытай менен АКШнын кагылышуусу бүткүл дүйнөгө катастрофа алып келет. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин АКШнын призиденти Джо Байден менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтканынан. "Кытай менен АКШнын кызматташуудан башка аргасы жок. Эки өлкөнүн араздашуусу бүткүл дүйнөгө катастрофа алып келет. Андыктан Пекин менен Вашингтон Азия-Тынч океан регионунда тынчтык менен туруктуулукту биргеликте сакташы керек", — деди Си Цзиньпин.
Ал эми Байден Пекиндин аракеттерине тынчсызданып, АКШнын кызыкчылыктарын коргой турганын билдирди. "Президент Байден Пекиндин экономикалык жактан мажбурлоо саясатына башынан эле тынчсыздаанарын айтты. Ошондой эле Гонконгдогу куугунтук, Синьцзяндеги адам укуктарынын бузулушу жана Тайвань маселеси ойлондурары кошумчаланды", — деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга Кытай башчысы Тайвань, Гонконг жана Синьцзян маселеси Кытайдын ички иши экенин жана АКШ анын кызыкчылыктарын сыйлашы керектигин айтып, жооп кайтарды. Кытай тараптын билдирүүсүнө караганда, эки лидер тең бул сүйлөшүү бүткүл дүйнөгө позитивдүү белги берди деп эсептешкен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg