www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Лермантов көчөсүнүн номур 85 үйүнүн жашоочусу 91 жаштагы энени үйүн сатып алабыз деген адамдар сыртка чагарып салышкан. Бул тууралуу жарандык активист Мирлан Стамов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“91 жаштагы эненин 4 баласы, бир кызы болгон. Бирок балдарынын баары каза болуп калгандыктан эч ким эненин укугун коргоп, жардам бербей жатат. Анын келини дагы кийлигишип, банктагылар менен чогу өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, талашып жатат. Азыр бир насыя берген банк үйүн мыйзамсыз талашып жатат. Буга чейин эле милиция дагы уур-токмокко алып, сыртка чыгарып салган.

Себеби, ал үй кымбат баалангандыктан банктагылар арзан алып кымбат сатышат окшойт.  Жактоочусу дагы эки жакка тең иштеп, апаны алдап коюптур. Азыр 91 жаштагы эне “эч кимге бербейм” деп үйүнүн алдында күнү-түнү отурат”, - дейт активист.    

Ал эми 91 жашка чыгып калган эне өлкө башчыга ыйлап, кайрылуу жасаган.

--“Кудайдын берген жашоосун жашап жүрүп, ушинтип көчөдө калдым. Адамдын дагы каргышы болот. Ооруп араң жатып-туруп жүрдүм эле. Садыр балам көчөдө каламбы? Кайдыгер карабай бир чара көрүп бер.  

Президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам”, - дейт 91 жаштагы эне.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости