www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы талкууга алынды.
Бүгүн, 13-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов улуттук кураманын капитаны Атабек Азисбековго Кыргыз өлкөсүнүн желегин тапшырды. Салтка ылайык, аны президент Садыр Жапаров тапшырышы керек эле. Бирок Жапаров аралыктан иштеп жаткандыгына байланыштуу желек тапшыра алган эмес.
Кийимдер «Дилбар» мода үйү тарабынан тигилген. Алар буга чейинки эки Олимпиадага барган спортчулардын расмий формасын тигип бергени маалым.
«Форма кыргыз улуттук жана япониялык элементтер менен айкалыштырылып жасалган. Бир кишиге даярдалган кийимдин наркы 95 миң сом болду. Мунун баары Улуттук олимпиадалык комитеттин эсебинен жасалды», — деген ал.
Белгилей кетсек, быйыл Токиодо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 18 спортчу, ал эми Паралимпиадага бир атлет лицензия алышкан.
Булак: NazarNews.kg