www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аз күн мурда маалымат жыйынын өткөргөндө мамлекет башчысына жана башка чоң кызматтарда тургандарга жалаа жаап, мазактагандарга, эл арасына жалган маалыматтарды таркатып, радикалдык аракеттерге, өңкөрүш-төңкөрүштөргө чакыргандарга карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтты.

Бирок айрымдар ушуну эле күтүп жатышкандай Ташиевдин айткандарын башка өңүттөн, тагыраагы, сөз эркиндигине, демократияга каршы басым-кысым, оппозициядагыларды ормон опуза менен коркутуп-үркүтүү катары көрсөткөнгө катуу аракеттерди кылышты. Алардын бирлери Ташиевдин айтканын чындап эле башкача түшүнүп, ошондон улам нааразы болуп жатышса, экинчилери УКМКнын башчысынын айткан, дегендерин атайылап өздөрүнө ылайыктуу маани-мазмунда бурмалап, күчөтүп, Ташиевди социалдык тармактарда жогорку бийликке сын айткандардын баарын четинен камакка алууга батынган «монстр» катары көрсөтүүгө үлгүрүштү.

Бирок Камчыбек Ташиев демократияны жана сөз эркиндигин чектөө жөнүндө бир нерсе айттыбы? Анын айткандарына кунт коюп угуп көрсөк, ал социалдык тармактарда чуу салгыдай эч нерсе айткан эместигине күбө болосуң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости