www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кумтөр" алтын кени, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, мөлтүр кашка суунун башаты, ак мөңгүлүү, аркар, кулжасы оюн салган жаратылышы керемет, асман тиреген тоолордун боорунда жайгашкан. Ушундан улам, биз сөз кыла турган маселе алтындан дагы маанилүү. Себеби, Кыргызстандын эли үчүн алтындын пайдасынан, азабы көп болуп баратат. Ушу кезге чейин жаратылыш ресурстарын – алтын, күмүш жана башка баалуу заттарды эч кандай табигатка зыянын тийгизбей турган шартта казып алууга болот деген жөө жомоктор айтылып келген. Бул карандай калп. Барскоон окуясын эске албаганда деле, «Кумтөрдө» жумушчулардын коопсуздугу, экологиялык көйгөйлөр боюнча чечилбеген маселелер жылдан-жылга созулуп, өтө кооптуу абалды жаратууга шарт түзгөнүн мезгил тастыктап койду. Маселен, миңдеген адам иштеген кендин үстү жагындагы мөңгүлөрдүн эрип жатканы, чаң аралашкан химикаттардын абага көтөрүлүшү, экологияга коркунуч жараткан ар кандай таштандылар топтолуп, оор кырдаал түзүлгөнү качан. Эскилиги жеткен техникалар жерге көмүлүп, иштен чыккан автотетиктер өзүнчө эле тоо болуп калды.
Тонналаган селитрага жардыргычты аралаштырып, тоолорду томкоруп жатышат. Өлкөнүн тоо-кен тармагын техникалык жактан көзөмөлдөгөн башкармалыкка, «алтынды казып алууда жардыруу эмес, бургулоо ыкмасын пайдалануу талабын койбойсуңарбы», – деп нечен ирет кайрылганмын. Себеби, техникалык көзөмөлдөө башкармалыгында экологияны коргоо жаатындагы мыйзамдык актыларга таянып, ушундай талаптарды коюуга акысы бар болчу. Депутаттык комиссия Монголия, Америкага чейин барып, ал жактагы жердин астындагы иштердин дээрлик көпчүлүгү бургулоо ыкмасы менен жүрүп жатканына, дүйнөлүк практиканын алдыңкы үлгүсү колдолунуп жатканына ынанып келгенбиз. Канадалыктар менен түзүлгөн башкы келишимде дагы бургулоо жолу менен кен казып алуу каралган болчу. Ушул күнгө чейин ошол
талап орундалбай келет.
Бир кооптуу жагдайды эске алалы, окурман. Жардыруунун артынан жардыруу пайда болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Табигатты канчалык кордосоң, ал адамды эсине келтире турган ошончолук терс көрүнүштөрдү жасап коюшу ыктымал. Ошондуктан азыр ойлонолу.
Петров көлү жана суулар. Петров көлү Петров мөңгүсүнүн түбүндө жайгашкан. Ал эми Кумтөр суусу Нарын дарыясына кошулуп, Сыр-Дарыянын бассейнин толтурган суулардын бири болуп эсептелет. Мөңгүлөр тездик менен эрип жатканына байланыштуу Петров көлү толуп, нугунан чыгып, уулуу калдыктарды сактоочу жайды каптап кетүү коркунучу бар. Петров көлү компа-
ниянын алтын казуудагы техникалык эрежелерди так сактабагандыктан булганып жатканын эч кимге сыр эмес. Эгерде Кумтөрдө экологиялык кырсык болсо, анда эле Орто Азиянын көп жерлерине зыян келтирет.
Ушундан улам, мөңгү суусун канадалык компания кандай пайдаланып жатат? Уулуу калдыктарды сактоочу жайдын бекемдиги, төмөн жакта жашаган калкка анын кооптуулугу канчалык? Мына ушундай суроолор жыйырма жылдан бери кырынан коюлуп келатат. Бул маселе, жаран, коомдук ишмер катары такай көңүлүмдүн борборунда турат. Бийликтин кайдыгерлиги эл аралык масштабдагы катастрофага алып келбесе экен деген түйшөлүү тынчымды алып келет.
Кыргызстанда тоо кенин казып алуу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн, жогоруда сөз кылган Өкмөттүн алдындагы Техникалык башкармалык, андан сырткары, Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиги, Токой чарба, экология агенттиги, «Кыргызалтын» деген мамлекеттик ишкана бар. Ушулардын бирөө дагы кен казып алуудагы мыйзам бузууларды, же болбосо жардыруу эмес, бургулоо ыкмасы менен кен казып алуу боюнча маселени көтөрүп чыгышкан эмес.
Кен казылып жаткан жерлердеги суунун сапатына мониторинг жүргүзүүдө көп жылдык эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы бар, белгилүү гидрогеолог-геохимик, көз карандысыз эксперт Роберт Е. Морандын (Колорадо, США) Кумтөр алтын кени боюнча иликтөөсү жарык көргөн. Анда көптөгөн сырлардын башын ачыптыр. Дүйнөдөгү эң ири алтын кендеринин бири болгон «Кумтөргө» ээлик кылып келген Канаданын «Кумтор Оперейтинг Компани» (КОК) ишканасы элдин суроо-талабына карабастан, суунун сапатына байкоо жүргүзүү үчүн көз карандысыз техникалык эксперттерди киргизбей келгенин айтат.
Өндүрүштө уран, мышьяк, алюминий, темир, жез, молибден, цинк, хлор, нитрат, аммиак, цианид жана башка химиялык заттарды пайдалагандыгынан, ошондой эле жардыруучу заттардын кесепетинен жер кыртышы жылып, иче турган суу булганып, айлана чөйрө, флора, фауналар жабыр тартып жатканын далилдүү фактылар менен маалымдаган. Албетте, муну эч ким тана албайт.
Анда эмесе, Морандын иликтөөсүнө көңүл буралы: Канадалык компания Кумтөр дарыясына цианид төгүлгөндө ал абага бууланып кетет деген аргументтерин билдиришкен. Чын чынына келгенде жылына 3650 тонна цианид пайдаланылган алтын өндүрүшүнүн натыйжасында, «сууну булганбайт» деп айтуу болбогон кеп.
«Кумтөр оперейтинг компани» ишканасына жылына орточо 4380 миллиард литр суу керектелет экен. Бул деген башка кургакчылык региондордогу керектөөчүлөргө карата бир нече эсе көп пайдаланганды билдирет.
Мөңгү суулары өндүрүштө пайдаланылып чыккандан кийин, ал кайра тазаланып Кумтөр дарыясына агызылат. Аны компаниянын башчылары танышпайт. Адистердин билдиргенине караганда сууну канадалыктар кышын-жайын Кумтөр дарыясына агызып турушат. Аталган дарыя кышында тоңбогонун эске алсак, уулуу калдыктар сакталган жайдан тазаланып чыккан суунун такай агып турушу, балыктардын жок болушуна алып келүүдө.
Ошол эле Монголияда алтын казган «Центерра» «Бороо» кенин иштетип жатканда, өндүрүштөн пайдаланып чыккан киргилт сууну тазалашып, кайра өндүрүшкө колдонушарын өз көзүбүз менен көрүп келгенбиз. Бул мөңгүлөрдү сактоо, таза сууну колдонуу боюнча эл аралык нормаларга дагы дал келет. «Кумтор голд» иш-
канасы болсо, мөңгү суусун Петров көлүнөн насос менен сордуруп келет. Секундасына 1000 литр суу борбордук карьереге келип, чыгып турат.
Канадалык компания таза мөңгү суусун пайдаланышат, ушуну байкаңыз, окурман. Дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрү зар болуп жүр-
гөн мөңгү сууларын алар өндүрүшкө пайдаланышууда. Буга Кыргыз Өкмөтү мөөрүн басып, уруксат берип койгон. Карапайым кыргыз дыйканы суу үчүн салык төлөсө, алтын казып жаткан бул компания сууга бир тыйын салык төлөбөйт.
Дүйнө жүзүндө суунун баасы күндөн-күнгө өсүп жатат. Маселен, Германияда АЗСте бир литр суу бир жарым евродон жогору турат. Бир литр бензин андан арзан. Суу деген өмүр булагы. Ушуну эске алган бийлик төбөлдөрү болбой жатат. Биздин өлкөнүн келечектеги саясатын мөңгү менен суу аныктайт. А таза сууга бай Кыргызстанда бийлик баш болуп сууну кор тутуп, сарамжал пайдаланууга сараң болуп келет. Андан көрө дал ушул мөңгү суусун бөтөлкөгө куюп, чет өлкөгө сатса, Кумтөрдүн алтынынан көп киреше түшөр беле?
Маселеге келели. 1999-жылдагы иликтөө көргөзгөндөй Кумтөрдөгү тоо тектериндеги орточо сульфиттин сакталышы 3 пайыздан 4 пайызды түзгөн экен. Бизде муну адаттагы көрүнүш катары кабыл алышууда. Ал эми АКШнын Зортман деген кен чыккан жериндеги сульфиттин концентраты 0,2 пайызды гана түзгөндө добулбас кагып, тынчсызданып маселе коё баштаганын билдирет, көз карандысыз эксперт Роберт Е. Моран. Сульфиттин концен-траты дээрлик 20 эсе көп экенине карабастан, биздин экологдор камырабай жүрүшкөнүнө жол болсун. Негизи «Кумтор оперейтинг компани» суунун ууланганы, анын жан-жаныбарга зыяны тийип жатабы, жокпу чара көрүп, биздин Өкмөткө отчет берип турушу керек эле. Тилекке каршы, Канадалык компания элдин тынчсыздануусун эске албай, кыргыз бийлигин тоготпой келгени баарына маалым.
Ушул күнгө чейин сууну пайдалануудан алдын ала анын үстүңкү жана жердин алдындагы сапатын, суунун жайгашкан жерин аныктаган кеңири статистикалык маалымат жок экен. Демек, коомчулукта уулануу же булгануу болуп жатабы билүү кыйын.
Канада, АКШ, Европа Союзунда жана башка өлкөлөрдө мына ушул сыяктуу өнөр жай техникалык отчетторду такай жарыялап турат. «Кумтор оперейтинг компани» ишканасынын мындай техникалык документтери кыргыз коомчулугуна жана текшерүүчү органдарына жеткиликтүү эмес. Ошондой эле кыргыз бийлигинин башын айландырып түзө калган «Центерра голд инк» компаниясы менен «Кумтор оперейтинг компани» ишканасы суунун геохимиялык анализи тууралуу отчет бербейт. Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын концентратынан алынган металлдар жөнүндө дагы так маалымат жок.
Мөңгүлөр. Мөңгүлөр эч кандай байлыкка алмаштыргыс баалуу кенч экенин унутпайлы. Биз алтыныбыз менен кошо мөңгүлөрдөн дагы ажырап жатабыз. Мен учурунда мөңгүлөрдүн сакталашы боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылып, чара көрүүсүн талап кылып келгенмин. Себеби, канадалык компания жолдон чаң сапырылып мөңгүлөргө отуруп калбашы үчүн Барскоондон Кумтөргө чейин суу чачып турушу керек болчу. Бул башкы келишимдин шарттарында каралган эле.
Мына ушул шартты дагы толук аткарышкан жок. Петров мөңгүсү эмес, Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн жок болуп кетүү коркунучун мындан он жыл мурда эле айтканмын. Бийлик ага көңүл бурган эмес. Тескерсинче, мөңгүлөрдү жок кылууга өзгөчө шарттарды түзүп берип жатышат.
Борбордук карьер жана эрип бараткан мөңгүлөр
Ошол учурдагы Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору А. Давлеткелдиевдин 2009-жылдын 18-ноябрдагы ырасмий билдирүүсүнө таянсак, Петров көлүнүн аянты акыркы 10–15 жылда жыл сайын кеңейип баратыптыр. 1995-жылдан бери көлдүн аянты 2,78 млн. кубдан, 3,42 млн. кубка чейин көтөрүлгөн болчу. Жыл өткөн сайын көлдүн жээги бошоп, жарып чыгып кетүү коркунучу бар экенин билдирген. Көлдөгү суунун көлөмү көбөйгөнү – демек, мөңгүлөрдүн тез ээрип жатканына байланыштуу.
Андан дагы түйшөлдүргөн маселе, тоолордогу мөңгүлөр эрип, төмөн жагында кум пайда боло баштаган. Биздин адистер, окумуштуулар, геологдор, экологдор аны изилдешкенинен күмөнүм бар. Мөңгүнүн канчалык тез эриши, Кыргызстандын алтын фондусу болгон суу ресурстарынан кол жууп баратканга тете. «Эл башы болгуча, суу башы бол» деп элибиз илгертен бекеринен айткан эмес. Дүйнөдө нечендеген өлкөлөр сууга жетпей зар болуп келишет. Ошондуктан, суу табылгыс, биз үчүн кол жеткис байлык. Келечекте суу бийликтин сырткы саясатынын өзөгүн түзөөрү белгилүү.
Тилекке каршы, Кыргызстандын Алмазбек Атамбаев башкарган бийлиги кол жеткис байлыгыбызды талкалоого жол ачып берди. 2017-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары каникулга кетерде, жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү «макул», 22си «каршы» деп добуш беришип, көпчүлүк добуш менен Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, зарыл болгон шартта мөңгүлөрдү жок кылып, түбүнөн кен казып алууну колдоп беришкен. Тагыраагы, канадалык компания Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнүн астынан иш жүргүзүүгө уруксат алышкан.
Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз элинин түбөлүктүү улуттук байлыгын четинен кертүүгө жол ачып беришкен. Бул кылмышка тете чечим болгон. А негизи мөңгүлөрдү сактоо максатында жер алдынан бургулап казып алуу талабын коюшу керек болчу. Президент А. Атамбаев баш болгон кыргыз бийлиги жарандык активисттердин, коомчулуктун мөңгүлөрдүн жок болушуна каршы пикирин эске алышкан жок.
"Кумтөр" компаниясы эл аралык көз карандысыз гляциологдордон турган топту чогултуп, Давыдов мөңгүсүн, Ак-Шыйрактагы Петров жана башка мөңгүлөргө салыштыруу жүргүзүп, жалпы жоготуулар боюнча маалымат таратып, «Кумтөр» кенинин айланасындагы Давыдов жана Петров мөңгүлөрү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн беш пайызын гана түзөт, бул анчалык деле коркунучтуу эмес. Эки мөңгүнүн эришине бүткүл дүйнөдө күндүн ысып жатышы да себеп болууда» деген өзүлөрү чакырган эксперттердин тыянагына таянышкан. Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев дагы аларды колдоп, «мөңгүлөр климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнөн улам эрип жатат» деп билдирген. Жеке кызыкчылыгы болсо керек.
Ал эми коомчулуктун, адистердин пикири А. Атамбаевдин оюна теңирден тескери. Алар мөңгүлөрдүн эриши кооптуу экенин айтышат. Маселен, илимдер академиясынын «Геоприбор» илимий инженердик кен байлыктарды негиздөөчү институтунун директору Исакбек Торгоев «Азаттык» радиосуна төмөндөгүдөй пикирин билдирген:
– Бул таптакыр акылга сыйбаган көрүнүш. Кыргызстандын суу фондун түзүп, кылымдардан бери топтолгон Петров жана Давыдов мөңгүлөрүнүн көлөмү 700 миллион куб метр болчу, учурда 200 миллион куб метри гана калды. Мөңгүнү ошентип талкалап бүтүштү, ал эми сульфат кислоталары аралашкан оор металлдар төгүлүп жаткан муз аралаш калдыктар 2 миллиард тоннаны түзөт. Канадалыктар кеткенден кийин анын баары ээрип, Ысык-Көлгө жана Нарын дарыясына куюлат. Мына, ошол баарынан коркунучтуу (Булак: «Азаттык» радиосунун маалыматынан,
10. 10. 2012-ж).
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков:
– Учурунда эл аралык комиссиянын корутундусуна каршы өзүбүз түзгөн комиссиянын төрагасы болгом. Ошондо да эгер, биринчи баскычта ушуну кылып жатса, экинчи этапта Давыдов мөңгүсүнөн эч нерсе калбайт деп эскерткем. Өткөн жылдын отчету боюнча "Центерра" жарыя кылды, анда көрсөтүлгөндөй алтындын кору көп эле. Эгер аны акчага которо турган болсок, төрт миллиард долларды түзөт экен. Аны казып бүткөнчө биз Давыдов мөңгүсүнөн ажырап калышыбыз мүмкүн. (Булак: «Азаттык» радиосунун маалыматынан, 10. 10. 2012-ж) – деп тынчсызданганын билдирген.
Ошол учурдагы маалыматтар боюнча, экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын адистеринин айтканына караганда, Кумтөрдө күнүнө он миң тонна музду жылдырып жатышкан экен. Алар бүткүл дүйнөлүк глобалдуу күндүн жылышы мөңгүлөрдү эритип жатат дегени жомок деп эсептешет. Кандайдыр бир деңгээлде мөңгүнү ээритүүгө тийгизген терс жактары бардыр, бирок, чыгарылган калдыктардын мөңгүнүн үстүнө төгүлүп жатканы көп зыян алып келип жактанын билдиришкен. Андан бери арадан бир топ жылдар өттү. Эми мөңгүнү сактап кала албайбыз. Анткени, Президент Атамбаев колдоп, Жогорку Кеңеш жактырган мыйзам мөңгүлөрдүн тагдырын чечип койгон.
Кубанычбек Исабеков, экс-депутат
Булак: NazarNews.kg