www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карантинде күтүлбөгөн кош-бойлуулуктар көп болду. Бул туурауу акушер-гинекологдор ассоциациясынын төрагасы Арсен Аскеров билдирди. 

--"Карантиндик чаралар болуп, бойго бүтүрбөө, сактануу каражаттарына жетүү пандемиянын башталышында кыйын болбодубу. Карантин, коменданттык саат, обсервация деген чектөөлөрдөн өттүк. Мындан улам көпчүлүк айымдарда күтүлбөгөн кош-бойлуулуктар болду. Алардын көбү төрөткө чейин жеткен жок. Аборт – бойдон алдыруу күчөй баштады. Мындай көрүнүш жеке менчик медициналык борборлордо да көп каттала баштады.

Мултидисциплинардык деген команда түзүлгөн. Ага жалгыз эле үй-бүлөлүк дарыгер эмес, гинеколог, инфекционист жана башка адистер кошулду. Ошонун негизинде жугуштуулукту көбөйтпөө үчүн боюнда бар аялдарга аралыктан дарылоонун планын түзүп беребиз. Эгер акыбалы начарлап, дене-табы такыр түшпөй туруп алса,  деми кыстыгып, ичиндеги баласынын кыймылдашы начар боло баштаса ооруканага жеткирүү маселесин чече баштайбыз.

Азыр визуалдук кабыл алуу дегенди киргизе баштадык. Ватсап же интернеттеги башка каналдар аркылуу видео менен байланышып, дем алуусу кандай болуп атканын, даттануусун карайбыз. Кеңештерибизди ушундай аралыктан визуалдык турдө берип жатабыз.

Учурда Бишкектеги №2 төрөт үйү карантинге жабылып, жалаң COVID-19 илдеттүү боюнда бар айымдарды гана кабыл алып жатат", -дейт Арсен Аскеров.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости