www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Масадыков билимге таянат деп эсептейм, ошондуктан кадр маселеси кошоматтан алыстай баштайт», - деди бүгүн, 13-июлда NazarNews маалымат агенттигине саясий аналитик Турат Аким.
- Турат агай, Таалатбек Масадыковдун вице-президенттик кызматка бекиши мамлекетте экинчи адам пайда болду деген ойду жаратты. Ал кишини кайсыл артыкчылыгы үчүн кызматка тартышты деп ойлойсуз?
- Туура сөз – ал экинчи адам болду. Негизи, Совбездин төрагасы Садыр Жапаров, эми коопсуздук тармагында ал өзүнө орун басар алды. Эми мындан ары, бүт аскердик жана күч органдарын, ошондой эле региондогу президенттин өкүлдөрүн жана парламент - өкмөт башчылардын көп аракеттерин Масадыков тейлейт жана тескейт – тактап айтканда, координация кылат. Бул киши «пашти што» алтын тармагын жетектеген Теңиз Бөлтүрүк болду десем жаңылышпайм…
Масадыков кайсы тукумдан, кайсы уруудан, кайсы улуттан жана кантип кыргыз саясий аренада пайда болгону мага белгилүү. Бирок, азыркы сөз башка.
Негизи (бүгүндөн баштап) Масадыков Садырдын башкы конкуренти болду. Бирок, эмнеге Жапаров муну жанына бекитти – анткени Жапаровдо тышкы геосаясатты жана процесстерди жакшы түшүнгөн адам жок экени билинди. Эки дос тандеми чабал экенинен Баткен согушу чыкты жана расмий визиттер маалында ачык байкалды. Тактап айтсам, баардык Орто Азия жана стратегиялык шериктер (Токаев, Мирзиёев, Путин, Гурбангулы, Эрдоган жана Рахмон) Жапаровду сынактан өткөрүп бирдей бүтүм чыгарды десек болот. Садырдын деңгээли аларга абдан белгилүү болду - мени дипломатия тилин билгендер жакшы түшүнөт.
- Андай болсо эмнеге Садыр Жапаров ачык атаандашына жанынан кызмат берди?
- Масадыковдун эн негизги таланты - бул сырткы байланыштары күчтүү жана колдогондору бар адам. Билим - илим, мамиле тактика жагынан Масадыков Акаев сыяктуу көрүнөт.
- Эми иш илгерилеп, мамлекет алдыга жылабы же тескерисинче интригалар күч алып, саясат курчуйбу?
- Интригалар албетте, болот. Масадыков күч алган сайын кадр алмашууну баштайт - ошодон чатактар чыгышы мүмкүн. Бирок, Масадыков билимге таянат деп эсептейм, ошондуктан кадр маселеси кошоматтан алыстай баштайт. Келечекте Тышкы иштер министрлигин же УКМКны башкарашы мүмкүн.
Буга кошумча региондо геосаясат курчуй баштады, ошондуктан «эки дос» тандеми мындан ары баягыдай өз билемдик менен иш алып барышы кыйынга түшөт. Эгерде, 30 жыл бою Президенттен кийин аппарат жетекчиси эң таасирдүү адам болсо, эми Совбезчи болот. Мурда Садыр – кыргыздын акыркы үмүтү болсо, эми Масадыков боло баштайт. Бирок Садыр бул кишиге кыр көрсөтө албайт, аны менен эсептешип, ымалашып иштегенге аракет кылат. Калганын көрөбүз…
Булак: NazarNews.kg