www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калматов Данияр Алпайизович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды, деп билдиришти 3-июнда министрликтен.

Ал 1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин Бухара технологиялык институтун инженер-технолог адистиги боюнча, ал эми 1999-жылы Москва мамлекеттик социалдык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Мамлекеттик бажы кызматында баштаган, мамлекеттик кызматтын ар кандай кызматтарында 30 жылдан ашык стажы бар.

Акыркы жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору кызматын ээлеп келген.

Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси класстык чинине ээ, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги.

Последние новости