www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-июнь күнү Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260–274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.

Айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2-июнь күнү дагы аталган унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында таш көчкүсү түшкөн.

 

Последние новости