www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-июнда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Индия Республикасынын оор өнөр жай жана болот өнөр жай министри Кумарасвами Хараданахалли Девегоуда менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмесинин алкагында өттү.

Анда тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Министрлер энергетика, жашыл экономика, индустриялаштыруу жана агроөнөр жай тармактарын кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары белгилешти.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди бекемдөө жана экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн мааниси белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана кыргыз-индиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.

Последние новости