www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-июнунда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министринин эл аралык көп тараптуу иштер боюнча орун басары Абдулрахман бин Ибрагим Аль-Расси менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМнен билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы жумушчу байланыштарды мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленип, өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну улантууга даярдык ырасталды.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Последние новости