www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстандын саясий, коомдук жана мекенчил күчтөрүнүн Курултайынын Аткаруу комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты Курултайдын Аткаруу комитети билдирди.
Анын жүрүшүндө Курултайдын чечимдерине ылайык азыркы мезгилде жасалып жаткан иштер, алардын жыйынтыктары талкууланды. Отурумдун негизги чечими: 2019-жылдын 27-апрелинде 2-Элдик Курултай өткөрүлө тургандыгы айтылды.
Курултайдын күн тартибинде биринчи маселе 1-Элдик Курултайдын чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча Аткаруу комитетинин жасаган иши жана андан кийинки кадамдары талкуу болот.
Баса, бир нече саат мурун жакнкы аралыкта Курултайчылардын арасындагы үлкөнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапка бет алгандыгын кабарлаганбыз.
Булак: NazarNews.kg