www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-бабанын жолунан адашып баратабызбы? Ооба, адашып баратабыз. Элестүү кылып айтканда, рельстен чыгып бараткан поездге окшоп калдык. Мунун ачык мисалы алдыда боло турган курултай маселеси. Курултай – бүтүндөй мамлекеттин тагдырын чечүү маселеси жалпы элдин талкуусуна коюлган чогулуш. Бүгүнкү күнү анын маанисин жокко чыгарып, айыл-кыштакта өтүүчү жыйынды дагы курултай деп атап алдык. Бул өзү күлкүнү, кыжырды да келтирүүчү көрүнүш.

Курултайга өкүл болуп баруучу эки кишини курултай аркылуу шайлайт имиш. Бул күлкү келерлик эмей эмне?! Муну жергиликтүү жетекчилер жана райондун акими чече турган иш. Күлүп сүйлөп, кечинде айткан сөзүн эртең менен “айткан эмесмин” деп жокко чыгарган, кыргыздын №1 душманы А.Акаев алгачкы парламентти – мыйзам чыгаруу органы болгон Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болор алдында “берсе ала бергиле да, шайлай бергиле” деп добушту сатып алууга кеңири жол ачты. Ушунун кесепетинен татыктуулар эмес, чөнтөгү калың, пулу барлар келди депутат болушуп.

Муну Өмүрбек Текебаев улантып, ар кайсы чет өлкөнүн мыйзамдарын кураштырып, партиялык система менен шайлоону киргизип, депутат шайлоо накта бизнеске айланды. Шайлануучу менен шайлоочу ачык эле соодалашууга өттү. Мунун акыры жогорку окуу жайын акчанын күчү менен бүткөн чала сабат жанбактылар менен “чала молдо дин бузат” делген чала молдолор “ыйман нуруна” жашынып алышып, мыйзам чыгаруу органына келишти. “Окшошконго мушташкан” болушуп, 90 депутаттык орунга партиядан келгендер менен бир мандаттуулар катарлаша экиге бөлүнгөндөр келишти. Чала сабаттар (булар жөнүндө “Азия Ньюс” гезити жакшы эле бетпардасын сыйрып жазып жатат) менен чала молдолор иштеп аткандай түр көрсөтүү үчүн дыйкандар менен малдууларга эки миң сомдон салык салуу маселесин көтөрүп чыгышты.

Эл болсо өкмөттөн эч нерсе сурабай, өз жандарын өздөрү багып жатат. Ушундай элге ыракмат айтуунун ордуна салык салышат имиш! Мандатты сатып алган чала сабат жанбактылардан куралган парламент өз иши эмне экенин билбегендиктен, өлкөдө кылмышкерзөөкүрлөр мыйзам алдында жооп бермек турсун сайрандап жүрүшөт Алып айтсак, Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылынын тургуну Абдыкасымов Кубандын жол эрежесине ылайык четте токтоп турган жеңил автомашинасын ылжыган мас немелер келип уруп кетишип, эмчектегиси менен үч жашар наристени энеси менен чогуу көргө койдук.

Бул адамдын жүрөгү сыздаган өтө аянычтуу көрүнүш болду. Бирок үч жылдан бери кылмышкерлер жазасын албай, ээнэркин басып жүрүшөт. Жогоркудай көрүнүштөн жана башка укук бузуулардан жабыр тарткан адамдар көп. Ошентип, “уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылаттын” заманы болду. Мындай жабыр тарткан адамдарды муңканткан зордук-зомбулукка бөгөт коюу үчүн профессионал жана өз ишин, эмне кызмат аткарышы керектигин так билген нукура билимдүү кыргыздын уул-кыздары шайлана турган Жогорку Кеңешке татыктуулардын келишин убакыт, мезгил чыдамсыздык менен күтүүдө. Ошондуктан, алдыда боло турган курултай ушул маселени чечсе болмок.

Башкача айтканда, партиялык системаны такыр жоюп, бир мандаттуу округдарды түзүп, парламентке талапкерди ар бир округдун шайлоочулары кыргыз тилден, тарыхтан жана жалпы билим деңгээлинен сынак алып, андан өткөн талапкер гана шайлоо бюллетенине кириш керек. Ушундай болгондо гана соодалашуу жана мандатты акчага сатып алуу кан буугандай токтойт дагы, Жогорку Кеңешке эл-жеринин тагдырын ойлогон татыктуулар келет. Татыктууларга жол ачылсын! Антпесек, жогоруда айтканымдай, поезд рельстен чыгып баратат! Кудай өзү сактасын, рельстен чыккандын эмне болору белгилүү да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости