www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан курулуш объектилерин текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда курулуш нормаларынын жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышы, курулуш аймактарынын уюштурулушу жана иштердин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү каралды.
Натыйжада 17 курулуш объектинен кемчиликтер аныкталып, тиешелүү компанияларга аларды жоюу жана талаптарды так сактоо боюнча жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди.
Эскертүү берилген объектилердин арасында Бишкектеги жана Чүй облусундагы көп кабаттуу турак үйлөр, административдик имараттар, мейманкана жана жер алдындагы автопаркингдер, ошондой эле окуу корпусу бар.
Алардын катарында “Зстек Строй”, “Action”, “Левел Констракшн”, “Роял Констракшн”, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол компаниясы, “03 Новотех”, “Бишкек Пропертис”, “Бай Турмуш Инвест”, “МНС Холдинг”, “Монолит Капитал Строй”, “Семак Груп”, “Имарат Прогресс”, “Альфа Аура”, “Дивизион Девелопмент”, “СиартСпейс” жана “Старт Компани” бар.
Департаменттин маалыматына ылайык, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана курулуш иштерин талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы көзөмөлгө алынат.
Курулуш ченемдерин, коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптарын бузган объектилер боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.