www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-октябрда саат 09:00дө Шакиранын 18-октябрда «Бишкек Аренада» өтө турган концертине билеттерди сатуу башталды.

Эң арзан, 12 миң сомдук билеттер эки саатка жетпей сатылып кетти. Саат 10:50гө карата баасы 22 миңден 40 миң сомго чейинки билеттер гана калган.

Эске салсак, Бишкек ырчынын Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук туруна кирди. Концерттин программасында Шакиранын ар кайсы жылдардагы белгилүү хиттери, ошондой эле Las Mujeres Ya No Lloran альбомундагы ырлар аткарылат.

Шоу масштабдуу сахналык жасалгалар, хореография жана визуалдык эффекттер менен коштолот.

«Бишкек Аренадагы» концерт ырчынын Борбор Азиядагы алгачкы концерттик программасы болот.

Боз түс менен билеттер сатылып кеткен орундар белгиленген.

Последние новости