www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда «Диван-Лугат-ат-Түрк» туруктуу экспозициясы ачылды. Ачылыш аземи 30-сентябрда өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем, ТИКАнын президенти Абдуллах Эрен, Түрк дүйнөсү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Ибрахим Жан Авджы жана музей адистери катышты.
Союзбек Надырбеков өз сөзүндө Махмуд Кашгаринин жана анын «Диван-Лугат-ат-Түрк» эмгегинин кыргыз элинин жана жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхый-маданий мурасындагы ордун белгиледи.
Экспозициянын Ысык-Көлдө ачылышы Махмуд Кашгаринин тарыхый Барскан шаарында, азыркы Барскоон аймагында төрөлгөнү менен байланыштуу.
Жаңы экспозицияда Махмуд Кашгаринин мурасы, анын дүйнөнүн белгилүү картасы, Карахандар дооруна таандык археологиялык материалдар жана мультимедиалык технологиялар бир музейдик мейкиндикте көрсөтүлдү.
Долбоор ТИКАнын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун, музей адистеринин жана Көчмөн цивилизация борборунун биргелешкен катышуусунда ишке ашырылды.
Ачылыш аземинен кийин катышуучулар жаңы экспозиция менен таанышты.