www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында мамлекеттик тилди колдонуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өттү

2025-жылдын 15-декабрында Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда мамлекеттик тилдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында колдонулушу жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга улуттук комиссиянын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги жана тиешелүү мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышты. Жыйында райондук администрациянын башчысынын орун басары Алмаз Суюндуков мамлекеттик тилди колдонуудагы учурдагы абал, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле мамлекеттик тилди колдонууда жол берилген кемчиликтер жана аларды жоюу жолдору талкууланып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилдин ролун күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйында Улуттук комиссиянын Санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов санариптик ресурстар жана колдонмолор боюнча презентация менен жыйынтыктады.

Жыйындын соңунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган окуу-усулдук материалдар — «Кыргыз этнографиясы боюнча түшүндүрмө сөздүк», «Аскердик жана физикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү», «Иш кагаздарын жүргүзүүнүн орусча-кыргызча терминдер сөздүгү» жана башка китептер Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына тапшырылды.

Последние новости