www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдын-Көл” башталгыч мектебинин төртүнчү классынын окуучусу Нурзаман Алмазбековду кабыл алды.

Буга чейин социалдык тармактарда төртүнчү класстын окуучусунун дээрлик бир метрге жеткен калыңдыктагы карды жиреп мектепке баратканы тууралуу видео тараган. Президент Садыр Жапаров да бул видеону көрүп, кичинекей окуучунун ушундай оор шартта билимге умтулуусун жогору баалады.

Ал Нурзаманды президенттик балатыга чакырган, бүгүн болсо жеке өзү ага белектерди тапшырды. Мындан тышкары, Президент окуучуга өзүнүн уюлдук телефонун берди.

Мамлекет башчысы бул бала ага өзүнүн бала чагын, алыскы Кең-Суу айылында кар кечип мектепке барган кездерин эске салганын айтты.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Нурзаманга чоң ийгиликтерди каалады.