www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан алтын менен камсыздалган блокчейндин USDKG стейблкоини расмий жүгүртүүгө чыгарды. Tron блокчейн түйүнүндө 50 миллион даана USDKG токени бар. Алтын менен камсыздалган токен туруктуу ишенимге жасалган инвестиция катары сыпаталууда.
USDKGнин ар бир токени бир долларга барабар. Бирок аны башка стейблкоиндерден айырмалап турган нерсе, толук көлөмдө алтын менен камсыздалышы. Кагаздагы эмес, декларациядагы эмес, реалдуу сейфтеги, реалдуу баалуулуктагы алтын. Дүйнөдө баалар термелип, рыноктор титиреп турган учурда санариптик дүйнө менен материалдык байлыктын ортосундагы алтын көпүрө. Кыргызстан ошол көпүрөнү биринчи болуп салууда.
Токендин Tron түйүнүндө чыгарылышы да кокустук эмес. Бул платформа арзан жана ылдам транзакциялары менен белгилүү. Дал ушундай ыкчамдык Кыргызстанга керек. Анткени мигранттар акча жөнөтсө да, ишкерлер эсептешсе да, кардар күнүмдүк төлөм жүргүзсө да токтоосуз иштеген системага муктаж.
Эң кызыгы, USDKG бир гана санариптик төлөм эмес, инвестициянын жаңы формасы, финансылык эркиндикке жол ачкан инструмент, керек болсо экономикалык коопсуздуктун кошумча калканы катары каралып жатат.
Арийне, Борбор Азияда мындай форматтагы мамлекеттик колдоого алынган активдер сейрек. Кыргызстан USDKG менен аймактагы финтех чөйрөсүндөгү атаандаштыкты жандантып, өзүнүн инновациялык имиджин чыңдоо аракетин көрүүдө.
Ырас, 50 млн токен рынокту толук өзгөртүп жиберчү көлөм эмес. Бирок идеяны, ишенимди, багытты өзгөртөт. Санариптик валюталар дүйнөнү өзгөрткөн доордо Кыргызстан четте турбай, процесстин өзүндө болоорун көрсөттү.