www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Ага президент Садыр Жапаров кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.

Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында Кыргызстандын жана Россиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүшөт. Ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат. 

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү - эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат.
Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу, коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости