www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 128 авариялык мектептин ордуна жаңы мектептер куруу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Бишкекте 20, Ошто 10, Манаста 6 мектеп курулуп жатат.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, авариялык мектептерди реконструкциялоого каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Учурда 40 мектеп боюнча долбоордук-сметалык документтер жана техникалык-экономикалык негиздемелер даяр.
Мындан тышкары, жакында 8 млрд сом кошумча каражат бекитилип, анын 6 млрд сому 36 мектепке, 2 млрд сому жол курууга багытталган.
Вице-министр Умутжан Аманбаевдин айтымында, 128 мектепти реконструкциялоо 3–4 жылдын ичинде чечилиши күтүлүүдө.