www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда Мамлекеттик Думанын IX чакырылышына өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкты.

Добуштардын 95 пайыздан ашыгы саналган учурда президент Владимир Путинди колдогон «Единая Россия» партиясы 57,83 пайыз добуш менен биринчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч 2021-жылдагы 49,82 пайыздык жыйынтыкка салыштырмалуу кыйла жогору. Алдын ала эсеп боюнча партия 450 орундуу Мамлекеттик Думада 355 мандатка ээ болуп, көпчүлүктү түзөт.

Парламентке партиялык тизме аркылуу өтүп жаткан башка саясий күчтөрдүн катарында КПРФ — 13,8 пайыз, ЛДПР — 8,9 пайыз жана «Новые люди» — дээрлик 8 пайыз добуш алууда. «Справедливая Россия» болсо 5 пайыздык босогого жетпей, болжол менен 4,96 пайыз менен калууда.

2021-жылы «Единая Россия» 49,8 пайыз добуш алган болсо, 2026-жылы бул көрсөткүч 57,83 пайызга чейин өстү. Башкача айтканда, партиянын партиялык тизме боюнча добушу болжол менен 8 пайыздык пунктка көбөйдү.

Мындан тышкары, Россиядагы шайлоо системасында Мамлекеттик Думанын 450 депутатынын 225и партиялык тизме менен, дагы 225и бир мандаттуу округдардан шайланат. Алдын ала маалыматтарда «Единая Россия» бир мандаттуу округдардын басымдуу бөлүгүндө да алдыда экени айтылууда.

Демек, жаңы Думада президенттик администрация менен парламенттин ортосунда саясий ажырымдын күчөшү эмес, тескерисинче, мамлекеттик саясатты бир багытта жүргүзүү үчүн институционалдык шарттардын сакталышы күтүлөт.

Бул шайлоо – Россия-Украина согушу башталгандан кийинки биринчи федералдык парламенттик шайлоо катары маанилүү фактор катары каралууда.

Дегенибиз, Президент Путин шайлоону өлкөнүн багытына жана бийликтин саясатына коомдук колдоону көрсөтүүчү маанилүү саясий окуя катары мүнөздөгөн. Ошондуктан «Единая Россиянын» 57 пайыздан ашкан көрсөткүчү Кремль үчүн ички саясий позициянын бекемдигин көрсөтүүчү фактор катары каралышы мүмкүн.

Биринчиден, бийликтин вертикалы өзгөрбөйт. Парламенттеги конституциялык көпчүлүк президенттик администрация үчүн мыйзам чыгаруу демилгелерин өткөрүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сактайт.

Экинчиден, Кремль ички саясатта социалдык туруктуулукка көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн. Согуш экономикасы, инфляция, эмгек рыногундагы кадр тартыштыгы жана аймактардын өнүгүүсү сыяктуу маселелер бийлик үчүн кийинки мезгилдин негизги экономикалык күн тартибине айланышы ыктымал. Шайлоонун алдында эле Россияда жогорку пайыздык чендер, күйүүчү май тартыштыгы жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр коомдук талкууда болгон.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик башкарууда согуштун катышуучуларынын ролу өсүшү мүмкүн. Reuters маалыматына ылайык, «Единая Россиянын» жаңы депутаттарынын арасында Украинадагы согуштун катышуучулары да бар. Бул Кремлдин ардагерлерди келечектеги саясий элитанын бир бөлүгүнө айлантуу багыты менен байланыштуу болушу ыктымал.

Ошондой эле, парламенттеги саясий туруктуулук өкмөт үчүн узак мөөнөттүү экономикалык программаларды жүргүзүүгө ыңгайлуу шарт түзөт. Эми Москва үчүн негизги милдеттердин бири, бюджеттик чыгымдарды тең салмактоо, өндүрүштү жаңылоо, технологиялык көз карандысыздыкты күчөтүү жана кадр тартыштыгын азайтуу болуп саналат.

Бул жагынан алганда Россия акыркы жылдары Батыш менен экономикалык байланыштардын кыскарышын Кытай, Индия, Түркия жана Евразия мейкиндигиндеги башка мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу компенсациялоого аракет кылып келет.

Ошондуктан жаңы парламенттин экономикалык күн тартибинде импортту алмаштыруу, инфраструктура, өнөр жай, энергетика, транспорттук коридорлор жана технологиялык өндүрүш маселелери маанилүү орунга чыгат.

Россиядагы бул саясий процесстин орун алышы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да маанилүү экенин эстен чыгарбоо зарыл. Москвада бийликтин туруктуу вертикалы сакталса, Россиянын Борбор Азияга карата негизги саясаты да кескин өзгөрбөйт. Биринчи кезекте эмгек миграциясы, соода, энергетика, транспорт, коопсуздук жана Евразиялык экономикалык интеграция маселелеринде туруктуулук камсыздалат.

Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү багыт – миграция жана соода. Россиядагы миллиондогон эмгек мигранттарынын абалы, рублдин туруктуулугу, Россиядагы эмгек рыногунун муктаждыгы жана миграциялык мыйзамдардын өзгөрүшү кыргыз экономикасына түздөн-түз таасир берет. Ошол эле учурда транспорттук байланыштардын кеңейиши жана Евразиядагы жаңы логистикалык маршруттар Кыргызстан үчүн да экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы мүмкүн.

Айтор, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Россиянын тышкы саясаты жакынкы аралыкта кескин өзгөрөт деген сигнал берген жок. Тескерисинче, Кремль азыркы стратегиялык багытын сактап, Украина маселесинде өзүнүн позициясын бекемдөөгө аракет кылары айкын билинди. Анткени Путин шайлоону өлкөнүн аскердик жана саясий багытына коомдук колдоонун көрсөткүчү катары пайдаланууга умтулган.

Андыктан «Единая Россиянын» 57,83 пайыздык көрсөткүчү жана Мамлекеттик Думадагы конституциялык көпчүлүктүн сакталышы Владимир Путиндин командасына ички саясий жактан кеңири маневр мүмкүнчүлүгүн берет.

Эми жаңы Думанын аракети экономикалык өсүштү, социалдык туруктуулукту, технологиялык өнүгүүнү жана инфраструктуралык жаңыланууну күчөтүүгө багыт алса, шайлоодон кийинки мезгил Россиянын ички өнүгүүсүндө жаңы баскычка көтөрүлөт. Анткени алдыда жөн гана саясий башкарууну улантуу эмес, согуштук шартта топтолгон ресурстарды өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багыттоо маселеси турат.

Последние новости