www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы беш жылда пенсионерлердин саны көбөйдү

Кыргызстанда пенсия алгандардын саны акыркы беш жыл ичинде 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

"Учурда өлкөдө 735 миңдей адам пенсия алат. Аларга дайындалган пенсиянын орточо өлчөмү 2021-жылдын аягында 6 миң 202 сомду түзүп, соңку беш жыл ичинде 16 пайызга жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле пенсионерлер жалпы калктын канча пайызын түзөрү айтылды.

"Кыргызстандын жалпы элинин 11 пайызы пенсия алгандар. Ал эми аял-эркекке бөлө келсек, жарымынан көбүн, тагыраагы, 65 пайызын аялдар түзөт", — деди комитеттен.

Эске салсак, быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин жогорулап, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйтүлдү. Жыйынтыгында орточо өлчөмү 8 080 сомду түзгөнү айтылды. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 33 пайызга же 1 988 сомго көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости