www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киберспорт (PUBG Mobile) түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын компьютердик Спорт федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандыктар 16 команданы утуп, 40 миң доллар жеңип алышты. Турнир Румынияда 24-августтан 4-сентябрга чейин уланат. Кыргыз курама командасындагы оюнчулар: Дияр Осмонов, Байтур Курманбеков, Бекнияз Рысалиев жана Антон Генцельман.

Бул турнирде Кыргызстан жалпысынан төрт дисциплинада оюн көрсөткөн. Алар: PUBG Mobile, Dota 2, eFootball 2023 жана Tekken 7.

Dota 2 курама командасы 3-орунду ээлеп, 20 миң доллар утушка ээ болгон. Бул командада Бакыт Эмилжанов, Кыялбек Тайиров, Руслан Темиралиев, Евгений Ри жана Бектур Кулов ойношкон.

Жалгыздан оюн көрсөтүүдө eFootball 2023 жана Tekken 7 командаларынын оюнчулары жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, бирок топтон чыга алышкан эмес.

IESF (World Esports Championship) — дүйнө жүзү боюнча киберспорт түрүн өнүктүрүүнү колго алган эл аралык киберспорт федерациясы. Алар 2009-жылдан баштап ар кандай видео оюндар боюнча  мелдештерди жана турнирлерди өткөрүп келишет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости