www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык самбочу Белек Бараканов дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынганын Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Мелдеш ушул тапта Армениянын борбору Ереванда өтүп жатат. Спортчу килем бетинде 64 килограмм салмакта беттешти.

Алгач 1/16 финалдык кармашта тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалда америкалык балбанды жеңген. Чейрек финалда италиялык, ал эми жарым финалда монголиялык балбанды утуп, финалга жолдомо алган.

Чечүүчү финалдык беттеште россиялык балбанга жеңилип, күмүш медаль тагынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости