www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-августунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Россиянын Түркиядагы соода өкүлү Айдар Гашигуллин менен жолугушту.

Жолугушууда Айдар Гашигуллин Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү болуп дайындалганын маалымдады.

Элчи Руслан Казакбаев аны жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле анын Түркиядагы көп жылдык тажрыйбасын белгилеп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.

Анын ичинде Түркия тараптын катышуусу менен ишке ашырылуучу долбоорлорго да көңүл бурулду.

Последние новости