www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин сөөгү тоодон түшүрүлүп, үчүнчү альпинистти издөө иштери убактылуу токтотулду.

Бул тууралуу ыктыярчылардын штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар маркумдардын сөөгүн 25-августта тоодон түшүрүшкөн. Алар тик учак менен Сары-Ташка, андан соң милициянын коштоосунда Ош шаарындагы өлүкканага жеткирилген.

Маркумдарды таануу процедурасы бүгүн, 27-августта өтөт. Ага каза болгондордун жакындары катышат.

Штабдын маалыматына ылайык, таануу аяктаганга чейин альпинисттердин аты-жөнү расмий жарыяланбайт.

Буга чейин тараган ысымдар расмий маалымат катары кабыл алынбашы керек.

Үчүнчү альпинистти издөө иштери дагы эки күн уланган, бирок жыйынтык болгон эмес.

Куткаруучулар альпинисттердин буюмдары кулаган траектория боюнча муз көчкүнүн жана жаракалардын аймагын текшеришкен.

Бирок жаракалар кайра түшкөн кар менен толуп калгандыктан, сөөк болгон учурда да аны табуу мүмкүн болбогону айтылды.

Учурда аймактан жана рюкзак табылган жерден үчүнчү альпинисттин изи аныкталган эмес.

26-августта куткаруучулар үчүн кооптуу абал жаралганына байланыштуу издөө иштери белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Буга аймакта таштардын үзгүлтүксүз кулап, кар көчкүлөрүнүн түшүп жатканы себеп болгон. Бардык куткаруучулар тик учак менен Ош шаарына чыгарылган.

Ошондой эле издөө операциясын каржылоо үчүн жүргүзүлгөн акча чогултуу да токтотулду.

Жалпысынан 109 миң евро чогулуп, бул каражат тик учактын чыгымдарын, бийик тоолуу аймакта иштеген куткаруучулардын кызматын жана башка техникалык чыгымдарды жабууга жетиштүү болгону маалымдалды.

Буга байланыштуу эсептик реквизиттер өчүрүлгөн.

Последние новости