www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвиядан канаттууларды жана канаттуулардын этинен жасалган азыктарды алып кирүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу 22-декабрда Бишкекте өткөн коллегияда Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, чектөө Латвияда куш тумоосу күчөгөнүнө байланыштуу киргизилген. Ал Латвиянын рыногун изилдеп чыккандан кийин тиешелүү чектөөлөрдү киргизүү чечими кабыл алынганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, чек арадан өткөнгө чейин бардык продукция дүйнөлүк система боюнча текшерилет, бирок ага чейин продукция кайсы өлкөдөн келгени изилденет, ведомство ошол маалыматтарга таянып продукцияны өткөрүү же өткөрбөө маселесин чечет.

Шарапов аларда оор металлдарды, антибиотиктерди жана пестициддерди аныктоочу лабораториялар бар экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости