www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга карата санкциялар дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян билдиргенин РИА Новости жазды.

«Дүйнөлүк экономика пандемиядан кийин ансыз деле катуу кесепетке учурады, киргизилген санкциялар экономиканы калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизет жана бир дагы тарапка пайда алып келбейт», — деген Кэцян Бүткүл Кытайдын эл өкүлдөрүнүн жыйынынын сессиясында.

Ошондой эле Кытай бардык тарап менен кызматташууну өнүктүрө турганын жана дүйнөдө тынчтыкты орнотууга салым кошууга аракет кыларын кошумчалаган.

Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.

Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости