www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда дүйнөлүк хаос эмнеден башталганы айтылды

АКШнын күчтүү державамын деген дымагы менен азыркы ээрден ооп бараткан абалы бири-бирине дал келбей жатат. Бул дүйнөлүк хаостун баштапкы себеби экени чагылдырылган макала Кытайдын Global Times басылмасына жарык көргөнүн РИА Новости жазды.

Материалда кыйрап бараткан АКШ менен Батыш өз коркунучун өзү жеңе алабы деген маани камтылган.

"Эл аралык тартип жагынан алып караганда Кытай менен Орусия чындык жана акыйкаттыкты коргоп жатат. Алардын фонунда АКШ гегемонизмдин анык өкүлү болуп саналат. Кошмо Штаттар Кытай жана Орусия менен касташа турган болсо, дүйнөдөн өзүн обочолонтуп коёт", — деп жазылган макалада.

Буга чейин Пекин университетинин доценти Сюй Лян АКШнын тышкы саясаты гегемониясын сактап калуу үчүн дүйнөдө туруксуздук жаратууга багытталганын белгилеген.

Мурдагы мамлекеттик катчы Генри Киссинджер Вашингтонго байланыштуу Москва жана Пекин менен кооптуу кырдаал жаралганын айтып, бул куралдуу чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости