www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөрүбаевдин араккор экенин дудуктан башкасынын бары билет, ал эми азыркы И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору паракор экендиги жашырылып келген. И. Раззаков атындагы КМТУда Чыныбаев Мирланды ректорго шайлагандан кийин, шайлоо туура эмес өттү деп  2-3 ректорлукка талапкерлер сотко бергенде «сотко беребиз» деп окутуучуларды коркутуп акча жыйнаган. Физкультура кафедрасынын башчысы Т. Каюмов өз тарабындагы ар бир окутуучуга: «Өз ордуңарда каласынар. Ректор жогорку сотко акча керек деп, акча сурап атат» - деп акча жыйнаган. Акча бергендердин кээ бирлерин атай кетейин. 1. Орозалиев Т.С. кафедра башчысы катары 25000 сом бересиң деп 25000 сом бергенге мажбурлаган. 2. Доцент Абдуматов К.А. – 8000 сом. 3. Мурзаибраим уулу Р. – 10000 сом. 4. Омуралиева А.К., Иманкадырова А.И., Абдыжусупова А.М. – 2000 сомдон. 5. Абсаматова Э. – 5000 сом. 6. Мурзалиева Мадина 30000 сом. Тизмени мындан ары дагы улантса болот.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Жарлыктын максаты жогорку кесиптик билим берүүнүн, мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Жарлык менен төмөнкү мамлекеттик жогорку окуу жайларга кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө статус берилет:

– Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

– И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

– К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;

– И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

– Ош мамлекеттик университети.

Ошондой эле, Жарлык менен Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин, Академик Ү. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети  И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине кошулган.

Ушул Жарлыкта көрсөтүлгөн мамлекеттик ЖОЖдорго төмөнкүдөй укуктарды берилген:

профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөөнүн тартибин өз алдынча аныктоого; лицензия албастан жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө; сатып алууларды жүргүзүүнүн бекитилген ички эрежелерине ылайык көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу боюнча сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө; өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууга; бакалаврларды жана адистиктерге даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө.

Кана бул жерде ректорго шайланбай калса окутуучулардан акча чогултуп ал дегени. И. Раззаков атындагы КМТУнун жетекчилиги тарабынан мыйзамдарды одоно бузууларыкөп экендиги жалпыга белгисиз бойдон калууда:  

1. 30 сентябрь 2019 жылдагы № 111 «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасын түзүү жөнүндөгү» буйругу чыгарылган. Эң чоң катачылык «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасы даярдап жаткан «Экономикалык коопсуздук» адистиги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин 2015 жылдын 15 сентябрындагы № 1179/1 «Кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө» деген буйругундагы бүтүрүүчүгө «бакалавр» академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинен жана бүтүрүүчүгө «адис» квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктердин тизмегинен да таба алган жокмун. Буйруктун чыгарылгандыгында эч нерсе бузуулар корунбогону менен мындан мурунку кылынган иштерди айта кетууну туура кордум. Ушул эле буйруктун 3-чү пунктунда көрсөтүлгөндөй «3. 2019-жылдын 1-октябрынан баштап «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасы боюнча төмөндөгүдөй штаттык тизим бекитилсин: 1. кафедра башчысы – 1 шт. бирдик; 2. профессор – 2 шт. бирдик; 3. доцент – 2 шт. бирдик; 4. улук окутуучу – 1 шт. бирдик; 5. окутуучу – 2 шт. бирдик; 6. методист – 1 шт. бирдик» - деп 8 штаттык тизим көрсөтүлгүн (методисти кошпогондо). Ал эми 15 сентябрь 2019 жылы № 3/233 буйрук менен тузуло элек «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасына 14 профессор-окутуучуну жана 1 методисти кабыл алып жатат. Мунусу аз келгенсип дагы эле тузуло элек «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасына июль-август айларында абитуриенттерди кабыл алып жатышат. И. Раззаков атындагы КМТУ нун жетекчилигинин бул кылган иштерин эмне менен тушундуруп берээрин эч ким билбейт болуш керек.

2. 30 июнь 2022-жылы И. Раззаков атындагы КМТУ нун ректору М.К. Чыныбаевге Кыргыз Республикасында президент С. Жапаровдун корсотмосуно карата жургузулуп жаткан «дипломдорду текшеруу» иштердин алкагында «Менеджмент» кафедрасынын улук окутуучусу Дуйшеналиева Заринанын диплому жасалма экендигине карата чечим кабыл алуу керектигин талап кылганыма карабай чара корбогондугу дагы биздин Президентибиз С. Жапаровдун корсотмосу ректорго тиешеси жоктой сезилет.

3. Ушул эле «Менеджмент» кафедрасынын улук окутуучусу Сталбекова Айсулуу кандидаттык диссертациясынын жетекчисинин колун озу коюп элди алдаганы аз келгенсип урматтуу экономика илимдеринин доктору Саякбаев Тилек агайды да алдап келгендигин дагы ректор коз жумду кылды.

4. Эн эле одоно чектен чыгуу болуп бул ректорду шайлоо буткондон кийин шайлоо туура эмес отту деп 2-3 ректорлукка кандидаттар сотко бергенде сотко беребиз деп окутуучуларды коркутуп акча жыйнагандарын айта кетпесек болбой калат. Физкультура кафедрасынын башчысы Т. Каюмов оз тарабындагы ар бир оз окутуучуга оз ордунарда каласынар деп ректор жогорку сотко акча керек деп, акча сурап атат деп акча жыйнаганын буга чейин айтпай журдук эле, эми айтууга мажбурлап жатышат.

5. Акча бергендердин кээ бирлерин атай кетейин. 1. Орозалиев Т.С. кафедра башчысы катары 25000 сом бересин деп 25000 сом бергенге мажбурлаган. 2. Доцент Абдуматов К.А. – 8000 сом. 3. Мурзаибраим уулу Р. – 10000 сом. 4. Омуралиева А.К., Иманкадырова А.И., Абдыжусупова А.М. – 2000 сомдон. 5. Абсаматова Э. – 5000 сом. 6. Мурзалиева Мадина 30000 сом. Тизмени мындан ары дагы улантса болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости