www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Sohu басылмасы Батыш өлкөлөрүнүн Украина жаңжалы боюнча жүргүзгөн саясаты күтүлгөн натыйжаны бербей жатканын жазды.

Макалада Европа өлкөлөрү бир нече жылдан бери Россиянын экономикасы алсырап жатат деген маалыматтык саясат жүргүзүп келгени менен, учурда Евробиримдик өзү экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленет. Автордун айтымында, инфляциянын өсүшү, жумуш орундардын кыскарышы жана өнөр жай тармактарындагы кризис Европа экономикасына олуттуу таасир тийгизүүдө.

Ошондой эле Украинада каржы жана кадр тартыштыгы күчөп жатканы айтылып, айрым талдоочулар өлкө жакынкы 6–9 ай ичинде өтө оор кырдаалга кабылышы мүмкүн деген божомолдорду келтиришкен.

Басылма Европа өлкөлөрү жана АКШ жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга көбүрөөк кызыкдар болуп калганын белгилейт. Макалада Россия президентинин позициясы да эскерилип, Москва өзүнүн аскердик максаттарынан баш тартпай турганы айтылат.

Последние новости