www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер органдарына С.А. аттуу жаран кайрылып, кызмат адамы акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анын айтымында, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын улук тескөөчүсү П.С. анын курулуш материалдарын саткан дүкөнүн текшерип, 200 000 сом пара талап кылган. Ошол эле учурда, улук тескөөчү ишкер 1 000 000 сомго жакын салык төлөшү керек экенин айтып, бирок 200 000 сом үчүн маселени жөнгө салууну убада кылган.
Аталган факты боюнча Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси “Пара алуу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ишкерден керектүү сумманы алганы аныкталган.
2025-жылдын 22-июлунда улук тескөөчү Кызыл-Кыя шаарында дүкөндүн ээсине 2200 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
Учурда керектүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.