www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарына барып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 9 кабаттуу, 936 батирлүү үйлөрүнүн курулушу менен таанышты.
22-июлдагы жолугушууда Ташиев жооптуу кызматкерлерге тапшырмаларды берип, негизги талаптарды аныктады, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
«Биздин президент: "Кыргызстанда үй-жайсыз бир дагы жаран калбашы керек. Баары камсыз болушу керек" деди. Биз баарыбыз бул саясатты колдоп, аны ишке ашырууга мүмкүн болушунча эртерээк киришүүбүз керек. Жергиликтүү бийлик органдары четте калбай, күнү-түнү иштешиңиздер керек. Үйлөрдүн сапаты жогору болушу керек, ал эми куруучулар Кыргызстандын жарандары болсун. Арзан иштегени үчүн эле башка өлкөлөрдөн жумушчуларды жалдабагыла. Кымбат болсо да, жай иштесе да биздин жарандар иштеши керек!», деди
Андан кийин ал Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул жерде дагы жооптуу кызматкерлерге тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү мындан тышкары Ноокен жана Кочкор-Атада курулуп жатат. Алар болжол менен 3 миң жаранга ылайыкталган.