www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-ноябрь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен жана Базар-Коргон районунун тургундары менен Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов жолугушуу өткөздү. Жыйынга райондун акимдеринен баштап аймактын эли, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы катышышты.

Алгач Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында, андан соң Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы маданият үйүндө жолугушуу уланды.

Аймактарды өнүктүрүү жылына багыттап жер жерлерде, эл арасында милициянын ишмердүүлүгүнө жеринде баа берүү, аларга карата коомчулуктун, элдин пикирлерин угуу, сунуш көйгөйлөрү менен жакындан таанышуу максатында уюштурулду.

Чындыгында башкармалыктын башчысы максат койгондой жөн гана жыйын эмес, арыз муң, сунуш пикирлери бар жарандарыбыз келип чечилбей жаткан көйгөйлөрүн ортого салышты жана маселелер көзөмөлгө алынып, бир катар милиция кызматкерлерине эскертүү, сөгүш тартиптик жазалары жеринде берилди. Ошондой эле айрым бир социалдык маселелерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү жолдору каралды. Кылычбек Жолдошов жолугушуу учурунда төмөнкү багыттарга токтолду, өздүк курамдын материалдык техникалык базасын чыңдоо,жаш өспүрүмдөр, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө кам көрүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, терроризм экстремизмди алдын алуу, Ош-Бишкек авто жолундагы коопсуздук, кылмышты жаап жашыруу жана өз убагында милицияга кайрылуу, 2019-жылда ишке кирүүчү бир катар жаңы мыйзамдардын (Кылмыш-жаза кодекси, жаңы жазылган Жоруктар (проступок) кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекстер) өзгөчөлүктөрүн белгиледи.

Элдер тарабынан көбүнчөсү жол коопсуздугу, жаш өспүрүмдөр коопсуздугу, мал уурулуктар, участкалык инспекторлордун ишмердүүлүлүгү, кылмыштуулукту алдын алуу багытында маселелер айтылды. 
Аны менен катар коомчулук тарабынан милициянын учурдагы аткарып жаткан түйшүктүү жумуштарын баалап кылмыштуулукту алдын алууда биргеликте жумуш алып баруу зарыл экендиги белгиленди.

Мындай эл менен жолугушуу областтын калган район шаарларында да улантылат деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости