www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиев маркум Үсөн Сыдыковдун жакындарына көңүл айтты:

--Үсөн Сыдыков менен мен көп жыл чогуу иштеп, илгертен бери тааныш болуп, ага ини катары жүргөнбүз! Үсөн акенин 2005-жылдагы март революциясына салымы чоң болгон! «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы катары өзүнүн тажырыйбасын жана билимин жумшап, эр жүрөк, тайманбас экенин көрсөтүп, Кыргызстандын тарыхында зор из калтырды десем жанылышпаймын. 2005-жылы март революциясынан кийин Президентин администрациясын жетектеп, андан соң Президенттин кеңешчиси болуп иштеп, бүт күч-аракетин Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн, элдин бакубат жашосуна арнап кетти! Үсөн Сыдыковдун эмгегин жалпы эл баалап, 2008-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Кош бол Үсөн аке! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун !

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Курманбек Бакиев

Эске сала кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду, коштошуу зыйнаты бүгүн, 29-июлда өтөт.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости