www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга келгенде шайлоо босого чекти беш пайызга көтөрүү сунушталды.

Депутат Рыскелди Момбеков эмне себептен өзгөртүлгөнүнө кызыкты.

"Бул мыйзам биринчи окууга келгенде шайлоо босогосу 3 пайыз эле, экинчи окууда 5 пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби же эмне болду, айткылачы? Эмне үчүн 2 пайыз кошулуп калды?" — деди Момбеков.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Алтынбек Сулайманов тармактык комитетте депутаттардын сунушу менен кошулганын билдирди.

"Октябрда бир миллионго жакын добуштар күйүп кеткен. "Мекенчил" партиясынын 132 миң, "Республиканын" 120 миң, "Ата Мекендин" 80 миң, "Бир Болдун" 60 миң добушу күйгөн. Анан ыңкылап чыккан. 5 пайыздык босого менен да ошондой болбойт деп ким кепилдик бере алат. Муну менен бечара партияларды чаап жатпайсыңарбы. Азыр демилге өтпөй калса эмне кыласыңар? Залда 50 депутат отурат, 10у каршы болсо, дагы 40 добушту каяктан табасыңар, дагы чайга чакырабы?" — деди Момбеков.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселеде бирөөнү күнөөлөбөй депутаттар өз ара чечиши керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости