www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса Орусиянын 201-базасы тажик бийлигине аскерий жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Ал ошондой эле, Москва тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен бекер жабдыганга даяр экенин айтты.

Орусиянын коргоо министри Тажикстан ЖККУга мүчө, аскердик союздаш болгондуктан анын аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун коргоо маселесинде "Москва четте карап турбайт" деп ишендирди.

Шойгу андан сырткары орус аскерлери Сирияда, Ливия жана Иракта согушкан жоочулардын айрым куралдуу топтору Ооганстандын аймагына өтүп жатканын каттаганын билдирди. Учурда Тажикстандын армиясынын кесиптик даярдыгын жогорулатып, анын тажрыйбасын арттыруу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости