www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-июль күнү кечинде Жогорку Кеңеш «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын жактырды.
Аны 97 депутат колдоду, 5 депутат каршы чыкты. Добуш берүүгө жалпы 102 депутат катталган.
30-июнда Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун четке каккан. Ал учурда мыйзам долбоорун 59 депутат колдосо, 38 депутат каршы добуш берген. Ошондуктан мыйзам долбоору кабыл алынган эмес. Аны кабыл алуу үчүн эң аз 61 депутаттын добушу керек болчу.
28-июлда мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Айнура Осмонова мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну суранды.
Аны депутат Аккулу Бердиев колдоп, өткөндө добуш берүү учурунда түшүнбөстүктөр болгонун айтты. Ал дагы мыйзам долбоорун кайра добушка коюуну өтүндү.
Бирок депутат Дастан Бекешев регламент боюнча аталган мыйзам долбоорун кайра добушка коюуга болбой турганын эскертти.
«Регламент боюнча 6 айдан кийин жаңы чакырылыштын депутаттары келип, карайт», - деди ал.
Ага карабай мыйзам долбоорунун дагы бир демилгечиси Гүлшат Асылбаева регламент бузулбаганын айтты.
«Регламент боюнча кайра добуш берүүгө койсо болот. Спикерге кат түрүндө кайрылуу болгон. Добуш берүү учурунда депутаттардын укугу бузулган. Мыйзам долбоору четке кагылган деп айтуу туура эмес. Биз мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алганбыз, ал президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Биз макулдашылган вариантын гана талкуулаганбыз, азыр ошол вариантын гана карайбыз. Эгерде макулдашылган варианты экинчи ирет өтпөй калса, анда мыйзам долбоорунун президенттин каршы пикири менен кайтарылып берилгенге чейинки, Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынган алгачкы редакциясы кабыл алынат», - деди ал.
Жыйынтыгында 95 депутат анын сунушун колдоп, мыйзам долбоору кайра добуш берүүгө коюлду.
2020-жылы августта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Гүлшат Асылбаева демилгелеген маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзам долбоорун каршы пикири менен кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.
Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамынын 55-беренесине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 6 айдан кийин гана кайра карай алат.
Булак: NazarNews.kg