www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын энергетиктер күнү менен куттуктайм.

Энергетика — мамлекетибиздин экономикасында жана социалдык турмушунда абдан маанилүү милдет өтөгөн тармак. Энергетиктердин талыкпаган эмгегин ашкере баалоого мүмкүн эмес.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Кыргызстан жакынкы жылдары электр энергиясын өндүрүү боюнча региондо алдыга чыгып, мамлекеттин жана региондун энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, энергия булактары ар бир керектөөчү үчүн жеткиликтүү болушуна жетишип, тармакты ыкчам өнүктүрүүгө тийиш.

Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр мамлекеттин энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча белгиленген пландарды ишке ашырууга өбөлгө болот деп ишенем.

Кыргыз Республикасынын азыркы энергетика тармагын өнүктүрүүгө бекем негиз түптөгөн, мыкты адистердин бир нече муунун калыптандырган ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Ушул кесиптик майрам күнү өлкөбүздүн бардык энергетиктерине чың ден-соолук, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм. Түйшүктүү жана абдан маанилүү ишиңиздерди дайыма ийгиликтер коштосун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости