www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыкты

Кыргызстандын Чек ара кызматы 2-июнга караган түнү Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын жана анда курал колдонулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Эски-Таш аймагында түнкү саат 01.20 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан Ош-Исфана автожолунда бара жаткан кыргызстандык жаранга бир нече жолу ок чыгарышкан. Кыргызстандык айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылдык ооруканасына жеткирилген.

Белгилей кетсек, 2-июнь, саат 10догу маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени кабарланды.

Ал эми Тажикстан тарап бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости