www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Жайыл районунда эки унаа сүзүшүп, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда кечээ, 1-июнь күнү саат 06:23 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 175-чакырымында Суусамыр өрөөнүндө Nissan Primera үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгинде турган Renault Master унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Жерине ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости