www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн жылып, жай мезгили келгендигине байланыштуу өспүрүмдөр ата-энесинин жана улуулардын көзөмөлүсүз көчөдө, көлмөлөрдө, агын сууларда жана башка жайларда өз алдынча  сууга түшкөндүгү аныкталып жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

"Мындай учурлар ар кандай  кырсыктарга  жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүү коркунучтарына алып келүүдө. 

Ошондуктан сууга түшүп эс алуу жайларында   кырсыктардын алуу максатында Ат-Башы РИИБү тарабынан  райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте  атайын рейддер өткөрүлүп жатат.  

Мындан сырткары ата-энелерге балдарына көзөмөлдү күчөтүү жагы, өспүрүмдөрдүн бош убактыларын туура пайдаланууга багыттап, кечкисин максатсыз көчөгө чыгарбай үйдө болуусу шарт экендиги эскертишүүдө.

Ошондой эле жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирген терең көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга эскертүүчү белгилери бар жерлерге сууга түшүүгө болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости