www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Хьюстон шаарында ак активисттер кара мекендештеринин алдында тизе бүгүп, расизм жылдары үчүн кечирим сурашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

НТВ телеканалы билдиргендей, өлкө боюнча полиция кызматкерлери тизе бүгүштү – афроамерикалык Джордж Флойддун кесиптешинин колунан өлгөнүнө ушундай карашат.

Окуя чиркөөдө болгон. Эл ошол шаарда жашаган маркум Джордж Флойддун үй-бүлөсү үчүн сыйынуу үчүн келишкен. Видеотасмада адамдардын эки лагерге бөлүнгөнү көрсөтүлөт: ак активисттер бир топ кара кишилерге таазим этишти, алардын бири афроамерикалыктар кордук көргөн жылдар үчүн кечирим сурады. Афроамерикалыктардын бири ыйлап жиберди.

Эске сала кетсек, башаламандык Американын шаарларында афроамерикалык күзөтчү Джордж Флойд Миннеаполисте (Миннесота) өлгөндөн кийин башталган, ал полиция тарабынан кармалгандан кийин каза болгон.

Полициянын ээнбаштыгына каршы акциялар, айрыкча, Лос-Анжелес, Сан-Франциско, Денвер, Нью-Йорк, Индианаполис, Бостон, Детройтте өтүп жатат. Бийлик полиция менен башаламандыктын ар кандай кагылышуулары же укук коргоо органдарына коркутуулар ички терроризм актысы катары караларын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости