www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлкеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтотту. Тиешелүү чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жарыялады.
"Документ COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана пандемия менен күрөшүүнүн алкагында чарбалык ишмердүүлүктү чектөө боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларга түз жана кыйыр түрдө байланышкан жагдайлардан улам төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилери пайда болгон ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg