www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан COVID-19га каршы вакцина өндүрө турган ишкана ачат

Кыргызстанда коронавируска каршы россиялык «Спутник V» вакцинасын өндүрө турган ишкананы ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга вакцинанын 500 миң дозасын берген.

«Аталган вакцина Беларусь, Казакстанда өндүрүлө баштады. Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушууда Кыргызстанда вакцинаны өндүрө турган компаниялар бар болсо, Россия тиешелүү комиссияны жиберүүгө даяр экендигин билдирген. Бул процессти тездетүү керек, анткени коронавирустун штаммы дүйнөдө жайылууда», - дейт ал.

Сагынбаев бүтүндөй калкты камсыздоо үчүн вакцинанын 5 млн дозасын өндүрүү пландалып жатканын белгиледи.

«Жарандардын вакцинаны сатып алуусу үчүн анын баасына да көңүл бурулат. Учурда фармкомпанияны тандоо иштери жүрүүдө», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости