www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министри дагы бир жолу КНРден өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын түйшүгүн жеңилдетүүнү суранды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди дагы бир жолу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Чиновник 24-ноябрда кытай ишкерлери менен тегерек стол өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын жүрүшүндө өкмөт компаниялар менен ишканалардын, ошондой эле өлкөдө иштеген кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн баса белгиледи.

"Коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алып, министр Ду Дэвэндин көңүлүн республиканын бюджетине тышкы карыздын түйшүгүн жеңилдетүүгө көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүнө бурду", - деп айтылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости