www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы шайлоолордун жогорку деңгээлде өтүшүн каалады.

Путин Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын экономикасын жана социалдык чөйрөсүн эки тараптуу форматта колдой тургандыгын эске салды. Ал жүз миллиондогон долларлык уставдык капиталы бар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу, чек аралардагы санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын жана фитосанитардык көзөмөлдүн иши жөнүндө айтып өттү.

“Мындан ары дагы биргелешип иш алып барабыз деген ишеничтемин. Албетте, ички туруктуулук болбосо, оң натыйжаларга жетүү мүмкүн эмес. Парламенттик жана президенттик шайлоолор Конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жогорку деңгээлде өтүшүнө биз абдан кызыкдарбыз”, – деп билдирди Путин.

Өз кезегинде Путин Россия Кыргызстанды мындан аркы стабилдешүү жана бардык багыттардагы жигердүү ишин колдой турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости